Орусия Түркияга С-400дөрүн береби?
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу маалымат жыйынында бул темага токтолду.
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Орусия менен болгон С-400 ракеталык коргонуу системалары боюнча сүйлөшүүлөрдүн оң багытта баратканын белгилеп кетти.
Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Мустафа Акынжы менен Левкошада болгон бетме-бет жана делегациялар аралык жолугушуудан кийин биргелеше өткөрүлгөн маалымат жыйынында сөз сүйлөгөн Чавушоглу, Түркия жана Орусиянын С-400 абадан коргонуу системаларына байланыштуу жүргүзгөн сүйлөшүүлөрү туурасындагы суроого: «С-400 абадан коргонуу системасы боюнча сүйлөшүүлөрүбүз оң багытта баратат»,-деп жооп берди.
Орусиянын мамлекеттик технология фирмасы Ростехдин башкы директору Сергей Чемезов да, кечээки маалымат жыйынында Орусия жана Түркиянын С-400 ракеталык коргонуу ситемаларынын сатылышы темасында сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн айткан.
Тектеш кабарлар
Министр Уралоглу Германияда Өнүгүү жолу долбоорун түшүндүрөт
Эл аралык транспорт форуму (ITF) саммити 22-23-майда Германиянын Лейпциг шаарында өтөт.