"Евфрат калканы" кыймылы уланууда

Кыймылдын 183-күнүндө уюмга таандык 110 бута кургактыктан жана абадан атылды.

677626
"Евфрат калканы" кыймылы уланууда

Сириянын түндүгүнүн террор элементтеринен тазаланышы үчүн 24-августта Түркиянын жетекчилигинде баштатылган «Евфрат калканы» кыймылынын алкагында чоң өлчөмдө көзөмөл камсыздалган Эл Бабда террор уюму ДЕАШтын мүчөсү 14 террорист жок кылынды.

Кыймылдын 183-күнүндө уюмга таандык 110 бута кургактыктан жана абадан атылды.

Кургактык күчтөрү командирлигинин курамындагы замбирекчи жана башка ок атуучу куралдар менен атылып, ДЕАШка таандык баш калкалоочу жайлары, коргонуу борборлору, башкарууну текшерүү жерлери, курал жана унаалары бомбаланды.

Аба күчтөрү командирлиги тарабынан террор уюму ДЕАШка таандык 21 бутага абадан операция жүргүзүлдү. Абадан жүргүзүлгөн операциянын жыйынтыгында террористтер тарабынан баш калкалоо максатында колдонулган 18 имарат, 2 ок-дары сактоочу жайы жана бир куралдуу унаасы талкаланды.



Тектеш кабарлар