Чет элдик студенттердин Түркияга болгон кызыгуусу

Түркияда 203 өлкөдөн 115 миң эл аралык студент билим алууда

678067
Чет элдик студенттердин Түркияга болгон кызыгуусу

Эл аралык студент коомдору федерациясынын төрагасы Мехмет Али Болат Кавказия, Орто Азия жана Балкандар менен бирге акыркы 5 жылда Африканын 54 өлкөсүнөн Түштүк Азиядан, Түштүк Америкадан жана дүйнөнүн дээрлик бардык аймактарынан эл аралык студенттердин Түркияга келишинин арткандыгын белгиледи. Болат эл аралык студенттерге карата иш чаралардын Түркиянын таанытылуусу жактан абдан чоң мааниге ээ экендигин айтты.

Студенттер билим алып жаткан мезгилде эки өлкөнүн ортосунда көпүрө кура баштагандыгын жана карым – катнаштардын өнүгүшүнө мүмкүнчүлүк түзгөндүгүн белгилеген Болат : «Түркиянын коомдук дипломатиялык иштерин ал жерде ыктыярдуу түрдө студенттер аткарышууда. Бүгүн дүйнөнүн 160 өлкөсүндө 65 миң Түркия бүтүрүүчүсү бар. Алар курган Түркия бүтүрүүчүлөрү коомдору бар. Уюмдашкан түрдө Түркияны таанытышууда жана коомдук дипломатия маанисинде да Түркиянын өкүлчүлүгүн аткарышууда»,- деди.



Тектеш кабарлар