Сенатор Маккейн президент Эрдоган менен жолукту

Сенаттын Куралдуу күчтөр комитетинин жетекчиси да болгон Маккейн, Анкарада президент Режеп Таййип Эрдоган тарабынан кабыл алынгандыгын жазуу түрүндө жар алды.

676914
Сенатор Маккейн президент Эрдоган менен жолукту

Америка Кошмо Штаттарында Республикачыл партиянын маанилүү ысымдарынан Аризона сенатору Жон Маккейн өлкөсүнүн террор уюму ДЕАШты ылдам жана туруктуу түрдө жеңип чыгышы үчүн Түркия менен кызматташуусу керектигин баса белгиледи.

Сенаттын Куралдуу күчтөр комитетинин жетекчиси да болгон Маккейн, Анкарада президент Режеп Таййип Эрдоган тарабынан кабыл алынгандыгын жазуу түрүндө жар алды.

Республикачыл сенатор президент Эрдоган менен жылуу жана жемиштүү сүйлөшүү өткөргөнүн жарыялады.

Маккейн: «АКШ, ДЕАШты ылдам жана туруктуу түрдө жеңип чыгып, душмандарыбыздын жаман таасирине каршы туруу жана аймакта кабыл алынгыдай» күч тең салмактуулугун кура алыш үчүн Түркия менен кызматташуусу керек. Ушул максат менен президент Эрдоган, Сирияда коопсуз аймактардын түзүлүшү жана Ракканын кайра алынышы үчүн ортого сунуш койду жана бул сунуш АКШ тарабынан олуттуу каралышы зарыл»,-деди.



Тектеш кабарлар