АКШнын Түркияга жасаган акыркы сапарлары оң белгилерди берет

Министрлер Кеңешинин жыйналышынан кийин Нуман Куртулмуш басма сөзгө маанилүү маалыматтарды берди.

676837
АКШнын Түркияга жасаган акыркы сапарлары оң белгилерди берет

Вице-премьер Нуман Куртулмуш, Америка Кошмо Штаттарынан акыркы убакта жасалган сапарлардын оң белгилер жана кадамдар болгонун айтты.

Куртулмуш: «АКШ ушундайча Түркия менен карым-катнаштардын дагы оңолушу жана өз улуттук кызыкчылыктары жагынан да туура багытта эки кадамды таштаган болот деген үмүттөбүз»,-деп айтты.

Министрлер Кеңешинин жыйналышы кечээ президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде Президенттик комплексинде өттү.

Жыйналыштан кийин Нуман Куртулмуш басма сөзгө маалымат берди.

Сириянын Ракка шаарындагы террор уюму ДЕАШка карай операцияда Түркиянын кайсы шарттарда орун ала турганы же албай турганы темасында так маалымат берген Куртулмуш, коопсуздук тууралуу эң мыкты сценарийден эң начар сценарийге чейин бардыгы каралып жатканда шарттардын бир канча сааттан кийин да өзгөрүшү мүмкүн экендигин маалымады.

Түркиянын операцияга байланыштуу негизги принциптерин, башкы планын ортого салганын айткан Куртулмуш, ДЕАШка карай шаардык операцияда аты аталган шаардын тургундарынын салымдары жана артка кайтууларынын камсыздалышы керектигин айтты.

Куртулмуш бир террор уюмунун башка бир террор уюму менен орун алмаштыруусун анын колу менен башка бир уюмга каршы операциянын жүргүзүлүшүн Сириянын келечеги, Түркиянын улуттук кызыкчылыктары жана эл аралык жамааттын Сириядагы максаттары жагынан туура деп таппагандарын баса белгиледи.

Нуман Куртулмуш: «Түркия ДЕАШтан тынчсызданууда, ошондой эле ДЕАШтын зыяндарын көрүүдө. Ошондой эле түрдө ПЙД, ЙПГ күчтөрүнүн ПКК менен кол кармашып Түркияга каршы жүргүзгөн кол салууларын байкоодо, ПЙДны да эң аз ДЕАШ сыяктуу зыяндуу деп табууда. Биз үчүн ар бир эки уюмдун арасынан бирөөнү тандоо сыяктуу альтернатива жок. Муну бардык досторубуз, шериктештерибиз билишет, убак-убагы менен жүргүзгөн операцияларда, колдоолорун арттырууда»,-деп айтты.

Куртулмуш Америка Кошмо Штаттарынан болгон акыркы сапарларда Фетуллахчы террор уюму (ФЕТӨнүн) корбашчысы Фетуллах Гүлен менен бул уюмга байланыштуу кылмышкерлердин да кайтарылышын карагандарын айтты.

Вице-премьер Нуман Куртулмуш, Германияда түрк имамдарга карай жүргүзүлгөн операцияга сереп салып жатып Европага тынчтык билдирүүсүн айтты.

Германиядагы түрк имамдарынын тыңчы болбогонун баса белгилеген Куртулмуш, Европанын чет элдиктер менен тынчтыкта жанаша жашоосун жана немистердин жикчил саясаттын таасиринен кутулушу керектигин белгилеп кетти.



Тектеш кабарлар