Шанлыурфанын Прокурорлор шаарчасына террордук кол салуу болду

Шанлыурфанын Вираншехир районунда Прокурорлор шаарчасына террордук кол салуу болду.

675008
Шанлыурфанын Прокурорлор шаарчасына террордук кол салуу болду

Шанлыурфанын Вираншехир районунда Прокурорлор шаарчасына террордук кол салуу болуп 3 жаштагы бир баланын өмүрү кыйылды. Губернатор Гүнгөр Азим Туна бомбалуу унаа менен болгон кол салууда 15 кишинин жаракат алганын жарыялады. Окуя болгон жерге полициялык бөлүктөр жана тез жардам унаалары өткөрүлдү.

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу жикчил террор уюмунун аты бул өлкөдөн өчүрүлө турганын айтты.

Сойлу Измирде катышкан бир иш-чарада: "Бул өлкө эркин жана демократиялуу өлкө. Бул өлкө дүйнөнүн эң өнүккөн жана гүлдөгөн өлкөлөрүнөн бирине айланат",-деди.

Адилет министри Бекир Боздаг да кол салууну айыптап, "Бул кол салуу жалгыз эле юстицияда иштегендер үчүн эмес, укукка, адилеттикке, улутубузга, мамлекетибизге жасалды",-деп айтты.

Боздаг эч бир террор уюму же кол салуусунун бул өлкөнү кулата албай турганын кошумчалады.

Бул учурда президент Эрдоган Шанлыурфанын губернаторуна телефон аркылуу байланышып, Вираншехир районундагы кол салуу тууралуу маалымат алды.



Тектеш кабарлар