Чавушоглу - Тиллерсон - Лавров жолугушуусу

Германиянын Бонн шаарына барган тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу эки тараптуу жолугушууларды да өткөрүүдө

674529
Чавушоглу - Тиллерсон -  Лавров жолугушуусу

Чоң жыйырмалардын тышкы иштер министрлеринин жыйыны үчүн Германиянын Бонн шаарына барган тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу эки тараптуу жолугушууларды да өткөрүүдө.

Чавушоглу кечээ АКШнын тышкы иштер министри Рекс Тиллерсон жана Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен ар башка жолугушуу өткөрдү.

Чавушоглу Тиллерсон менен жолугушкандан кийин берген маалыматында Обама мезгилиндеги жаңылыштыктарды ачыкча күн тартибине алып келгендигин, жикчил террордук уюм ПККнын Сириядагы уландысы ЙПГге берилген колдоонун Түркиянын коопсуздугуна тескери таасир тийгизгендигин жана ушуга окшогон колдоонун өздөрү жана Сирия үчүн коркунучтуу экендигин билдиргендигин белгиледи.

Чавушоглу жолугушууда Фетуллахчы террордук уюмдун башчысы Фетуллах Гүлендин АКШда болушу жана Түркияга тапшырылбашы, мунун түрк калкынын Америкага болгон сезимдерине тескери таасирин тийгизгендигин баса белгилегендигин айтты. Чавушоглу : «Жолугушуу абдан жакшы атмосферада түшүмдүү өттү. Абдан жакшы башталыш болду»,- деди.

Мевлют Чавушоглу орус кесиптеши Лавров менен да жолугушту. Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда Түркия – Орусия эки тараптуу карым – катнаштар менен бирге Сириядагы акыркы абалдар, саясий чечүүчү жолдор каралды.



Тектеш кабарлар