Эрдоган Каабаны зыярат кылды

Президент Эрдоган жана аны коштогон делегация Каабада алгач умра тавафын аткарып, андан соң Мерве жана Сафа дөбөлөрүнүн ортосунда умра саайын орундатты.

673566
Эрдоган Каабаны зыярат кылды

Президент Режеп Тайип Эрдоган расмий сапар менен барган Сауд Арабстанда Каабаны зыярат кылып умра кылды.

Эрдоган Мединеде Азирети Мухаммеддин кабыры да орун алган Набави мечитин зыярат кылгандан кийин Жиддагы «Король Абдулазиз» эл аралык аэропортуна барды.

Умра ибадаты үчүн авто жол менен Меккеге өткөн Эрдоган кечки убактарда Аль Харам мечитин зыярат кылды.

Эрдоган жана аны коштогон делегация Каабада алгач умра тавафын кылып, андан соң Мерве жана Сафа дөбөлөрүнүн ортосунда умра саайын орундатты.

Президент Эрдоган менен жубайы Эмине Эрдоган, башкы штабдын төрагасы армия генералы Хулиси Акар, экономика министри Нихат Зейбекчи, энергетика жана табигый ресурстар министри Берат Албайрак менен Улуттук чалгындоо кызматынын кеңешчиси Хакан Фидан да умра кылышты.

Умра зыяратын аяктаган Эрдоган андан соң Сауд Арабстан Королдугунун конок үйүнө барды.



Тектеш кабарлар