Cириядагы аскерлерибизден дагы бир кара кабар келди

Орусиянын учактары Эл Бабда Түрк куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрүнө ок атып алды.

669291
Cириядагы аскерлерибизден дагы бир  кара кабар келди

CИРИЯДАГЫ ТҮРК АСКЕРЛЕРИНЕН ДАГЫ БИР КАЙГЫЛУУ КАБАР КЕЛДИ.

Түрк куралдуу күчтөрү, Орусиянын учактары Эл Бабда Түрк куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрүнө ок атып алып 3 аскер шейит болгонун жана бирөө оор 11 аскер жаракат алганын жарыялады.

Бул тема тууралуу Башкы штаб төрагалыгы жазуу түрүндө маалымат берди. Анда: «Евфрат калканы кыймылы аймагында 2017-жылдын 9-февралында саат 8:40 чамаларында Орусия Федерациясына таандык бир согуштук учак тарабынан ДЕАШ буталарына карай абадан жүргүзүлгөн операция убагында, жаңылыштык менен Түрк куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү жайгашкан имаратка түшкөн бомбанын айынан 3 баатыр куралдаш жолдошубуз шейит болду, бирөө оор 11 куралдаш жолдошубуз жараланды. Жаралуу аскерлерибиз дарыланышы үчүн ылдам түрдө ооруканага жеткирилди. Орусия Федерациясынын жооптуу кызматкерлери бул окуянын жаңылыштык менен болгонун айтып, капа болгондорун жана кайрат айтууларын билдиришти. Окуя тууралуу иликтөө иштери эки тарап тарабынан жүргүзүлүүдө. Айрыкча ошол эле окуяга байланыштуу түрдө Орусия Федерациясынын президенти урматтуу Владимир Путин да президентибиз урматтуу Режеп Таййип Эрдоганга капа болгонун билдирип, кайрат айтты»,деген маалымат орун алды.

Бир тараптан башкы штаб төрагасы, армия генералы Хулуси Акар жана Орусия Федерациясынын башкы штаб төрагасы, армия генералы Валерий Герасимовдун ортосунда окуяга байланыштуу телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрүлдү.

Армия генералы Герасимов, бактысыз окуянын себебинен армия генералы Акарга капа болгондорун билдирди.

Ошондой эле тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен орус кесиптеши Сергей Лавровдун ортосунда да бул тема тууралуу телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрүлдү.

Сириянын түндүгүндө Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан жүргүзүлгөн «Евфрат калканы» кыймылынын алкагында кечээки кагылышууларда да 5 аскер шейит болгон. Террордук уюм ДЕАШ менен катуу кагылышкан 15 аскер болсо жаракат алды.

Шейит аскерлер бүгүн туулган жерлеринде акыркы сапарга узатылды.

170чи күнүнө кирген кыймылда шейит болгондордун саны 65ке жетти.

Бир тараптан кыймылдын алкагында террордук уюм ДЕАШка мүчө 44 террорист жок кылынды. Бзагах жана Каббасин аймактары атайын кыймыл күчтөрү тарабынан көзөмөлгө алынды.

Ошондой эле ДЕАШка таандык 253 бута абадан жана кургактыктан бомбаланды. Баш калкалоо максатында колдонулган имараттар, штаб имараттары, коргонуучу жайлары орун алган көп сандаган бутанын таш талканы чыгарылды.

Коалициялык күчтөргө таандык согуштук учактар болсо Эл Баб аймагындагы террор уюму ДЕАШ буталарына карай үч жолу абадан чабуул уюштурду.

Абадан жүргүзүлгөн операцияларда арасында туннель кириши жана бомба жүктөлгөн унаа да болгон 6 бута талкаланды.



Тектеш кабарлар