Эрдоган менен Трамп качан жолугат?

Президент Режеп Таййип Эрдоган менен АКШнын президенти Дональд Трамптын телефондогу сүйлөшүүсүнүн жаңырыктары уланууда.

669183
Эрдоган менен Трамп качан жолугат?

Президент Режеп Таййип Эрдоган менен АКШнын президенти Дональд Трамптын телефондогу сүйлөшүүсүнүн жаңырыктары уланып жатканда эки лидер май айында Бельгиянын борбор калаасы Брюсселде боло турган НАТОнун саммитинде бетме-бет жолугушуу өткөрө тургандары айтылууда.

Американын медиасынан CNN International, Эрдоган жана Трамп үчүн «эки лидердин май айында Европада боло турган НАТОнун саммитинде бетме-бет жолугушуусу күтүлүүдө» деген кабарында НАТОго багытталган сындоолору менен көңүлдү бурган Дональд Трамптын саммитке катыша турганын белгилеп кетти.

NBC News, АКШнын президентинин мекемени оор сынга алууларына карабастан НАТОнун башкы катчысы Йенс Стольтенберг менен өткөн айда болгон жолугушууда, саммитке  катышуу чакырыгын кабыл алганын белгиледи.

НАТОнун коргоо министрлери 15-16-февраль күндөрүндө Брюсселде чогулат. Жыйналышта АКШнын жаңы коргоо министри Жим Маттистин айта тургандары абдан маанилүү.

Түркиянын улуттук коргоо министри Фикри Ышыктын да катышуусу күтүлгөн саммиттин күн тартибинин башкы темасынын болсо шериктештиктин террор менен күрөшүүсү болот.

 Wall Street Journal гезити Коргоо министрлеринин саммити үчүн, «Саммит, шериктештиктин террор менен күрөшүү үчүн эмнелерди кылганы менен катар чалгындоо бөлүшүүсү жана жекече күчтөр менен кызматташууларын кантип күчтөндүрө турганы жана Тармп башкаруучулугунан айтылган зор иштерди кантип камсыздай турганын талкуулайт»,-деп жазды.

Гезит Трамптын НАТОнун террор менен күрөшүүдө дагы көп аракет кылышы үчүн кысым көрсөткөнү баса белгиленди.



Тектеш кабарлар