Эрдоган менен Трамп террорго каршы биргелешип күрөшө тургандарын тастыкташты

Эрдоган менен Трамптын ортосунда күтүлгөн телефондогу сүйлөшүүсү өттү.

667497
Эрдоган менен Трамп террорго каршы биргелешип күрөшө тургандарын тастыкташты

Президент Режеп Таййип Эрдоган менен Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Дональд Трамптын ортосунда күтүлгөн телефондогу сүйлөшүүсү өттү.

Президенттик маалымат борбору сүйлөшүү «оң жана жылуу» өткөнүн жарыялады.

Ошол эле булактарга караганда эки лидер террор менен күрөшүү жана баш калкалоочулар кризисин сүйлөштү.

Президент Эрдоган Түркиянын жикчил террор уюму ПКК менен күрөшүүсүн түшүндүрүп, Трамптан бул уюмдун Сириядагы уландысы ПЙДга колдоо көрсөтпөөсүн суранды.

Эрдоган АКШнын лидерине Фетуллахчы террор уюму ФЕТӨ менен күрөшүүдө да «бизди колдогула» деген маалыматын берди.

Сүйлөшүү Түркия убактысы боюнча түнкү сааттарда болду.

45 мүнөткө созулган телефондогу сүйлөшүүдө Түркия менен АКШнын ар дайым бири-бирине шериктештик байланыштары менен байланган дос жана шериктеш эки өлкө экендиги баса белгиленди.

Президенттик маалымат борборунан алынган маалыматка караганда эки лидер терроризмдин ар түрдүүсүнө каршы биргелешип күрөшүүсүн улантышы темасында чечкиндүүлүктөрүн тастыкташты.

АКШнын президенти Трамп, өлкөсүнүн стратегиялык өнөктөшү жана НАТО шериктеши болгон Түркияга колдоосун айтып, ДЕАШка каршы уланган күрөшүүгө Түркиянын кошкон салымдарынын бардыгын ыраазычылык менен кабыл алгандарын белгиледи.

Трамптын, президент Эрдоган менен сүйлөшүүсүн мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон менен болгон жыйналыштан дароо кийин өткөрүшү көңүл бурду.

Чындыгында эки лидердин мурда деле расмий эмес телефон сүйлөшүүсү болгон.

Президент Эрдоган Дональд Трампты 8-ноябрдагы президенттик жарыштан жеңиш менен чыкканын куттуктоо үчүн чалган.

Бул сүйлөшүүдө Түркия жана АКШнын эки тараптуу урмат-сый, орток кызыкчылыктар жана орток баалуулкктар пайдубалында кесилишкен эки шериктеш болгонуна көңүл бурган Эрдоган, эки тараптуу карым-катнаштардын дагы да күчтөндүрүлө турганына ишенгенин айткан.



Тектеш кабарлар