Наби Авжы Израилде
Маданият жана туризм министри Наби Авжы Тель Авивде Израиль туризм министри Ярив Левин менен жолугушту
Маданият жана туризм министри Наби Авжы Түркия - Израиль карым – катнаштарынын калыбына келүү процессинин негизинде Израилге жасаган расмий сапарында Тель Авивде Израиль туризм министри Ярив Левин менен жолугушту.
TLV Конгресс борборундагы жолугушуу 30 минутага созулду. Авжы 2010 - жылы «Мави Мармара» кемесине жасалган кол салуудан кийин Израилге барган биринчи минстр болду.
Израиль коопсуздук күчтөрүнүн 2010 - жылы Газага гуманитардык жардам алып барган «Мави Мармара» кемесине кол салуусу менен 10 түрк жаранынын каза болушу, эки өлкөнүн карым – катнаштарынын үзүлүшүнө себеп болгон. Карым – катнаштар Израилдин кечирим суроосу, курмандыктардын үй – бүлөлөрүнө бериле турган ордун толтурууну Түркияга бериши жана Газага гуманитардык жардамдардын баштатылышы менен калыбына келүү процессине кирген.