Түркияда айрым фирмалар Түркиянын мамлекеттик мүлктөр фондуна өткөрүлдү

Министрлер кеңешинин тийиштүү токтому Расмий гезитте жарыяланды.

665929
Түркияда айрым фирмалар Түркиянын мамлекеттик мүлктөр фондуна өткөрүлдү

Казынанын жоопкерчилиги астында турган бир канча мамлекеттик капиталдуу фирмалар менен менчиктештирүү программасында орун алган айрым фирмаларга таандык акциялар Министрлер кеңешинин чечими менен Түркиянын мамлекеттик мүлктөр фондуна өткөрүлдү.

Министрлер кеңешинин тийиштүү токтому Расмий гезитте жарыяланды.

Буга ылайык Зираат Банк (Айыл чарба банкы), Түркия мунай заттары акционердик өнөктөштүгү, Стамбул биржасы, Түрксат акциялары, Түрк телекоммуникациясынын казынага таандык акциялары, Эти кен иштетүү фирмалары жана Чай иштетүү башкы директорлугу Түркиянын мамлекеттик мүлктөр фондуна өткөрүлдү.

Бул токтомдун ишке ашырылышына байланыштуу кооптонууларды жоюуга жана керек болгон убакта ишке ашыруу негиздерин белгилөө боюнча премьер-министрге ыйгарым укугу берилди.

Айрыкча мүлкү казынага таандык Анталья, Айдын, Стамбул, Ыспарта, Измир, Кайсери жана Муглада орун алган айрым кыймылсыз мүлктөрдүн процедуралары жоюлуп Түркиянын мамлекеттик мүлктөр фондуна өткөрүлүшүнө чечим чыгарылды.

Аты аталган кыймылсыз мүлктөрдүн өткөрүлүү жана катталуу процедуралары бүтүрүлгөнгө дейре Каржы министрлиги тарабынан башкарылат.

Премьер-министрликтин жазуу түрүндөгү жарыясында Түркиянын мамлекеттик мүлктөр фондуна өткөрүлгөн аты аталган фирмалардын учурдагы башкаруучулары жана иштетүү саясаттары менен иш пландарынын инвестиция жана өсүү стратегияларына ылайыктуу түрдө улантыла турганы, эл аралык каржы мекемелери менен кошо тийиштүү үлүштөштөр менен камсыздалган кызматташтыктын улантыла турганы белгиленди.

Анда Түркиянын мамлекеттик мүлктөр фонду аты аталган фирмаларды Министрлер кеңеши тарабынан бекитиле турган Стратегиялык инвестиция планынын алкагында башкара турганы белгиленди.

Министрлер кеңеши тарабынан Коргоо өнөр жайын колдоо фондуна  таандык же бул фонддун карамагында орун алган 3 миллиард лиралык булактын эң кеч өткөрүү күнүнөн кийинки 3 айдын ичинде кайра төлөнүү шарты менен Түркиянын мамлекеттик мүлктөр фондуна өткөрүлүшүнө чечим чыгарылды.

Бул токтом да кечээтен баштап күчүнө кирди.



Тектеш кабарлар