Террористтер жок кылынды

«Евфрат калканы» кыймылы уланып жатат

665888
Террористтер жок кылынды

Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан Сириянын түндүгүндөгү террордук буталарга карай жүргүзүлгөн «Евфрат калканы» кыймылында террордук уюм ДЕАШка мүчө 13 террорист жок кылынды.

Кыймылдын 167-күнүндө операциянын алкагында ДЕАШка таандык 256 бутага абадан ок атылды.

Террористтер тарабынан колдонулган жайлар, курал-жарак жана унаалар колго алынды.

Түрк аба күчтөрүнө таандык учактар да Баб жана Бзагах аймактарында террордук уюм ДЕАШка таандык 65 бутага абадан операция жүргүздү.

Операцияда баш калкалоочу жай катары колдонулган 59 имарат, 4 штаб имараты жана 2 көзөмөл бекети бомбаланды.

Кагылышууларда ДЕАШка мүчө 13 террорист жок кылынып, 8и болсо жаракат алды.



Тектеш кабарлар