Түркиянын Мерсин шаарында оорукана шаарчасы ачылууда

Европанын эң чоң саламаттык сактоо комплекси болуу өзгөчөлүгү болгон Мерсин оорукана шаарчасы 6-февралдан тарта бейтаптарды кабыл ала баштайт.

665079
Түркиянын Мерсин шаарында оорукана шаарчасы ачылууда

Түркиянын экинчи оорукана шаарчасы Мерсинде ачылууда.

Мерсиндеги оорукана шаарчасы президент Режеп Таййип Эрдоган жана премьер-министр Бинали Йылдырым катыша турган азем менен бүгүн тейлөөгө киргизилет.

Европанын эң чоң саламаттык сактоо комплекси болуу өзгөчөлүгү болгон Мерсин оорукана шаарчасы 6-февралдан баштап бейтаптарды кабыл ала баштайт. 1253 орундуу ооркана мамлекеттик система менен иштейт.

Саламаттык сактоо министрлигинин оорукана шаарчасы долбоорлорунун алгачкысы Йозгатта 16-январда ачылды. 475 орундуу Йозгат оорукана шаарчасынын курулушу 16 айда бүтүрүлдү.

Оорукана шаарчасы долбоору үчүн президент Эрдоган «14 жылдык кыялдануум» деп айткан.

Ачылыш үчүн Мерсинге барган саламаттык сактоо министри Режеп Акдаг:«Европанын эң мыкты ооруканасын тейлөөгө киргизүүдөбүз. Жаңы Түркиянын жаңы президенттик системасынын жаңы ооруканаларын салып жатабыз. Саламаттык сактоодо бурулуштун экинчи этабын оорукана шаарчалары менен туу чокуга жеткиребиз. 41 миң орунга жеткиребиз. Түркияда Саламаттык сактоо министрлигине таандык орундардын үчтөн бири оорукана шаарчаларында болот. 2020-жылга чейин Түркияда ар бир бөлмөсү 1 кишиге таандык ооруканалардан тышкары ооруканабыз калбайт. 2020-2021-жылдарга дейре Түркиядагы бардык ооруканаларды заманбапташтырган болобуз»,-деди.



Тектеш кабарлар