Ыңгайлуу борборлор программасы

Өнүгүү министри Лүтфи Элван Анадолу агенттигине күн тартип тууралуу маалымат берди

664061
Ыңгайлуу борборлор программасы

Өнүгүү министри Лүтфи Элван өлкө тышы инвесторлор үчүн Түркиянын азыр да ыңгайлуу өлкө экендигин айтты. Лүтфи Элван Анадолу агенттигине күн тартип тууралуу маалымат берди.

Чыгыш Анадолу жана Түштүк  Чыгыш Анадолу Аймактары үчүн даярдалган Ыңгайлуу борборлор программасына чоң катнашта инвестордун кайрылгандыгын белгилеген Элван кайрылуулардын арасында  чоң инвесторлордун да бар экендигин, бирок бул фирмалардын ысымдарын азыркы учурда билдирүүнүн туура болбой тургандыгын айтты.

Элван Ыңгайлуу борборлор программасы үчүн ноябрь жана декабрь айларында фирмалардан  талаптардын алынгандыгын жана 20 миллиард лиралык алдыңкы талаптын бар экендигин баса белгилеп, инвестициялар менен аймакта 112 миң кишинин жумуш менен камсыздаларын айтты.



Тектеш кабарлар