«Евфрат калканы» кыймылынын 163-күнү

Сириянын түндүгүндөгү террор буталарына карай уланган «Евфрат калканы» кыймылынын 163-күнүндө террор уюму ДЕАШка мүчө 51 террорист жок кылынды.

664008
«Евфрат калканы» кыймылынын 163-күнү

Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан Сириянын түндүгүндөгү террор буталарына карай уланган «Евфрат калканы» кыймылынын 163-күнүндө террор уюму ДЕАШка мүчө 51 террорист жок кылынды.

Түрк куралдуу күчтөрүнүн жазуу түрүндөгү маалыматтандыруусуна караганда ДЕАШ баштаган террор уюмдары туудурган коркунучту жок кылып чек ара коопсуздугун арттыруу жана коалиция күчтөрүнө колдоо көрсөтүш үчүн Сириянын түндүгүнө карай 2016-жылдын 24-августунда башталган кыймыл уланууда.

Кыймылдын 163-күнүндө оппозициядагы элементтерден турган атайын күч топтору тарабынан белгиленген террор уюму ДЕАШка таандык 244 бута атылды.

Аба күчтөрүнө караштуу учактар тарабынан Эл Баб, Тадиф, Каббасин жана Бзагах аймактарында белгиленген террор уюму ДЕАШка таандык 83 имарат, 10 бомбалуу унаа, 2 ок дары сактоочу жайы, 2  чогулуучу жери, бир склады жана 2 замбирек атылып талкаланды.

ДЕАШтан тазаланган аймактарда оппозициячылдарга колдоо көрсөткөн жарылуучу затты белгилөө жана зыянсыздаштыруучу бригадалар тарабынан 41 колго жасалган жарылуучу зат жок кылынса, кыймылдын башынан бери көпчүлүгү тузак салынган 3591 колго жасалган жарылуучу зат жана 55 мина зыянсыздаштырылды.



Тектеш кабарлар