Абадан операция

186 бутага ок атылып, 14 террорист жок кылынды.

662878
Абадан операция

Сириянын түндүгүнүн террордук уюмдардан тазаланышы үчүн 24-августта Түркиянын жетекчилигинде башталган «Евфрат калканы» кыймылынын 162-күнүндө террордук уюм ДЕАШка таандык 186 бутага ок атылып, 14 террорист жок кылынды.

Аныкталган буталарга кургактан жана абадан операция жүргүзүлдү.

Түрк аба күчтөрүнө таандык согуштук учактар Баб жана Бзагах аймагында аныкталган 23 бутаны бомбалады. Баш калкалоочу жай катары колдонулган 21 имарат, 1 штаб жана 1 бомбалуу унаа жок кылынды.  



Тектеш кабарлар