Террорго жооп, Түркияга саякат кылуу

Түркияга саякат менен баруу террордук коркутууларга бериле турган абдан жакшы жооп

661989
Террорго жооп, Түркияга саякат кылуу

 

БУУнун дүйнөлүк туризм уюмунун баш катчысы Талеб Рифаи террордук коркутуусуна эң жакшы жооп Түркияга саякат кылуу. Стамбулда эл аралык туризм жарманкесинде сөз сүйлөгөн Рифаи Түркияга саякат кылуунун бир топ себеби бар экендигин атты. Биринчиси Түркия баарынын көрүүсү керек болгон кооз жер. Экинчиси жана эң негизгисис Түркияга саякат кылуу терроризмге бериле турган эң мыкты  жооп болот.

БУУнун саякат уюмунун лидери биз Түркияга саякат  кылууну улантышыбыз керек, тарых Түркиянын бул абалдан дагы күчтүү түрдө чыгарын көрсөтөрүн белгиледи.

21  -  Чыгыш Жер Ортолук деңиз Эл аралык туризм жана саякат жарманкеси 2017 80 өлкөдөн 5000 уюм жана мекемени жолугуштурууда.

2016 дүйнөлүк масштабда жасалган террордук кол салуулардан улам туризм үчүн жаман жыл болгондугун айткан маданият жана туризм министри Наби Авжы  болсо 2017 -  жылдын 2016 – жылдан дагы жакшы жыл,  ал түгүл 2018 – жылдын дагы да жакшы жыл болорун билдирди.

Дүйнөдө бардык жердин 100 пайыз ишенимдүү деп айтыла албай тургандыгын белгилеген Авжы терроризм глобалдык бир окуя, бул дүйнөнүн кандайдыр бир жерде болушу мүмкүн, буга каршы глобалдык деңгээлде күрөшүү керек жана Түркия бул темада абдан чоң тажрыйбага ээ өлкө экендигин баса белгиледи. Министр Авжы келерки жылдарда мунун таасиринин барган сайын жок болгондугун көрөрүбүздү ойлогондугун айтты.



Тектеш кабарлар