Грецияга качкан козголоңчулар сотко чакырылды

8 козголоңчуну көзөмөлгө алуу мөөнөтүн 3 айга узартуу талабы Афина башкаруу сотунда сөз болду

661985
Грецияга качкан козголоңчулар сотко чакырылды

Фетуллахчы террордук уюмдун 15 -  июлдагы козголоң кыймылына катышкандан кийин Грецияга качкан 8 козголоңчу көзөмөлгө алуу мөөнөтү тууралуу сотко чыгарылды.

Афина коопсуздук директорлугунун чет элдиктер директорлугу (ГАДА) 8 козголоңчуну көзөмөлгө алуу мөөнөтүн 3 айга узартуу талабы Афина башкаруу сотунда сөз болду. Сотко  8  козголоңчу да келди. Сот маселе тууралуу чечимин билдирген жок.

ГАДА соттон козголоңчулардын качкындар процессинин улантылып жаткан жана коомчулуктун тартибине коркунуч туудурушу мүмкүн экендигин белгилеп, көзөмөлгө алуу мөөнөтүнүн узартылышы талабын билдирген. Башкаруу сотунун тема тууралуу чечими алдыбыздагы күндөрдө чыгарылышы күтүлүүдө. Козголоңчулар ФЕТӨ/ ПДЙнин 15 -  июль козголоңунан кийин аскердик бир тик учар менен Грецияга качып жана баш калкалоо талап кылган.

Ошол эле учурда адилеттик министри Бекир Боздаг Грециянын козголоңчуларды тапшырбагандыгына дагы бир жолу каршылык көрсөттү. Чечимдин эки өлкөнүн карым – катнаштарына  зыянын тийгизе турган  мүнөздө экендигин баса белгилеген Боздаг тапшыруу талабын камтыган жаңы далилдердин Грецияга жиберилгендигин айтты. Грециянын козголоңчуларды тапшырбашынын Түркия жана Грециянын ортосундагы карым – катнаштарга зыянын тийгизе турган мүнөздөгү кадам экендигин баса белгилеген Боздаг : «Тапшыруу талабын камтыган досьелерин кайрадан Грецияга билдирдик. Жаңы далилдерден улам дагы бир жолу талабыбызды кайталадык жана муну да  Греция адилеттик мекемелерине билдирдик. Кайрадан каралып чыгышын талап кылуудабыз»,- деди.

 



Тектеш кабарлар