Арбитраждык сот Түркиянын пайдасына чечим чыгарды
Тегеран Анкарага 1, 9 миллард долларга жакын компенсация төлөйт
Иран нефть министринин орун басары жана улуттук газ фирмасынын баш директору Хамид Рыза Ыраки Иранга каршы ачкан эл аралык арбитраждык соттон жеңиш менен чыккан Түркияга экспорттолгон жаратылыш газ баасында 13, 3 пайыздык төмөндөтүүнүн болушуна чечим чыгарылгандыгын белгиледи.
Жарымы расмий болгон Иран студенттик кабар агенттиги ИНСАнын кабарына караганда борбор шаар Тегеранда пресс – жыйын өткөргөн Ыраки эл аралык арбитраждык соттун чечими боюнча Тегерандын Анкарага 1, 9 миллард долларга жакын компенсация төлөй тургандыгын айтты.
Түркия 2012 – жылы Иранга каршы жаратылыш газ баалары боюнча ачкан доодо жеңиш менен чыккан. Эл аралык арбитраждык сот Ирандын Түркияга экспорттогон газ бааларында 2011 - жылдан баштап 10 – 15 пайыздык баа төмөндөтүү жана компенсация төлөшү тууралуу чечим чыгарган.
Тектеш кабарлар
Йылмаз «Өнүгүү жолу долбоору» тууралуу маанилүү билдирүүлөрдү жасады
Йылмаз: «Түркия бул долбоор менен стратегиялык абалын дагы да арттырат»,-деди.