Түрк полициясынын ийгилиги

Машарипов кандайча кармалган?

654006
Түрк полициясынын ийгилиги

Стамбулда жаңы жыл күнү түнкү клубда 39 адамды өлтүргөн террорист Абдулгадир Машарипов 20 мүнөттүн ичинде жана бир дагы ок атылбастан кармалды.

Ушундайча Түркия, террордук уюм тарабынан аткарылган кол салуунун кылмышкерин тирүү кармаган биринчи өлкө болду.

Террористтин кармалышын камсыздаган «Пландуу жана таасирдүү» операциясынын чоо-жайы да белгилүү боло баштады.

Полиция операциядан 3 күн мурда террористтин Эсенйуртта жашырынган үйдү курчоого алды.

Коопсуздук директору Мустафа Чалышкан операциянын алдында саат 22.00де Террорго каршы күрөшүү директорлугунун топтору менен жыйын өткөрдү.

Полиция кызматкерлерине «Террорист кандай болсо дагы тирүү кармалсын» деген буйрук берилди.

Атайын бөлүк бир сааттан кийин Эсенйурттагы адреске барды жана саат 23.15те операцияны баштады.

Десанттык топ эшикти сындырып саат 23.40та үйгө кирип барды.

Уктап жаткан жеринен кармалган террорист алгач «Силер издеп жаткан адам эмесмин»,- деди. Бирок бетиндеги жаранын издери билгизип койду.

Ушундайча кол салгыч 20 мүнөттүн ичинде бир дагы ок атылбастан кармалды.

Үйдү ижарага алган ДЕАШка мүчө ирактык бир киши жана 3 чет элдик аял да операция учурунда кармалды.

Бул топтун качууну пландап жана жасалма паспорт күтүп жатканы божомолдонууда.

Стамбулдун губернатору Васип Шахин кечээ коопсуздук директору Мустафа Чалышкан менен өткөргөн маалымат жыйынында операцияда орто эсеп менен 7 миң 200 саат камеранын иликтенгенин жана атайын бөлүктөр менен бирге 2 миң полициянын кызмат кылганын билдирди.

Кония, Хатай, Измир жана Стамбулда чалгындоо бөлүмү жетекчилигинин кызматташуусу менен биргелеше операция жүргүзүлгөнүн белгилеген Вали Шахин: «Полициябыз өтө орчундуу иштерди жүргүздү. Бул иштер учурунда болжол менен 152 дарекке операция жүргүзүлдү. 50 адам камакка алынды. 168 чет элдик да террорис болушу мүмкүн деген шек менен тиешелүү бийлик органдарына тапшырылды»,- деди.

Ушундайча Түркия дүйнө жүзүндө биринчи жолу кол салуунун кылмышкерин тирүү кармаган өлкө болду.

Ар бир кол салууда кылмышкерлерди өлүү кармаган Европа өлкөлөрү, кармалган ДЕАШтын мүчөсү жөнүндө маалымат берген Стамбулдун губернетору Васип Шахинге көңүл бурушту.

Кылмышкердин кармалышын эл аралык агенттиктер жана чет элдик берүү органдары да жарыялап, губернатор Шахиндин билдирүүлөрү BBC, CNN, Аль Жазира сыяктуу телеканалдар тарабынан түз эфирде көрсөтүлдү.



Тектеш кабарлар