Евфрат калканы 148 - күнүндө

ДЕАШтын мүчөсү 17 террорист өлтүрүлдү

653988
Евфрат калканы 148 -  күнүндө

Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан Сириянын түндүгүндөгү террорго карата жүргүзүлгөн Евфрат калканы кыймылынын 148 – күнүндө террордук уюм ДЕАШтын мүчөсү 17 террорист өлтүрүлдү.

Түрк куралуу күчтөрүнөн берилген маалыматка караганда ДЕАШ башта болуу менен террордук уюмдар жараткан коркунучтарды жок кылып чек ара коопсуздугун күчтөндүрүү жана коалиция күчтөрүнө колдоо берүү үчүн Сириянын түндүгүнө карата 24 -  августта башталган кыймыл улантылууда. Операцияда ДЕАШка таандык 137 бута пушка жана ракеталар, танкалар менен атылды. Араларында  баш калкалоочу жерлер, коргонуу буктурмалары, текшерүү жерлери, курал жана унаалары жайгашкан жерлер жардырылды.

Аба күчтөрү командирлигине таандык согуштук учактар жана куралдуу учкучсуз аба унаалары менен Ел Баб жана Суфланияхтагы сегиз бута атылды. Кыймылда алты баш калкалоочу жер, штаб имараты жана бомба жайгаштырылган унаа жардырылды.

Кыймыл башталгандан бери 2 миң 945 граната жана 43 мина жардырылды.



Тектеш кабарлар