Евфрат калканы

ДЕАШ мүчөсү 20 террорист өлтүрүлдү

653286
Евфрат калканы

Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан Сириянын түндүгүндөгү террордук буталарга карата улантылып жаткан Евфрат калканы кыймылынын 147 -  күнүндө террордук уюм ДЕАШ мүчөсү 20 террорист өлтүрүлдү.

Түрк куралдуу күчтөрүнөн берилген маалыматка караганда ДЕАШ башта болуу менен террордук уюмдар жараткан коркутууларды жок кылып, чек ара коопсуздугун арттыруу жана коалиция күчтөрүнө колдоо берүү үчүн Сириянын түндүгүнө карата 24 -  августта башталган кыймыл улантылууда.

Кыймылдын 147 -  күнүндө террордук уюм ДЕАШка таандык 106 бута танк, миномет, пушка менен атылды.

Аба күчтөрү командирлигине караштуу учактар да Ел Бабдагы террордук уюмга таандык 10 бутага кыймыл жасап жана снайпер буктурмалары жардырылды. Кыймылдын башынан бери  2 миң 941 граната жана 43 мина текшерүү астында жардырылды.



Тектеш кабарлар