Эрдоган үч өлкөгө сапар жасайт

Президент Эрдоган 3 күндүн ичинде 3 Африка өлкөсүнө барат

652387
Эрдоган үч өлкөгө сапар жасайт

Президент Режеп Тайип Эрдоган Танзания, Мозамбик жана Мадагаскарга алгачкы сапарын жасайт.

22-25-январь күндөрүнүн аралыгында ишке аша турган сапарлардын негизги күн тартибин, экономикалык кызматташуу жана Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) долбоорлору түзөт.

 Эрдогандын Африкага сапарынын биринчи аялдамасы Танзания болот.

ТИКАнын Танзанияда селден жапа чеккен үй-бүлөлөргө жардам жеткирип, чоң мечитти оңдон түзөп жана көз операцияларын жасаганы белгилүү.  

Танзаниядан кийин Мозамбикке өтүп президент Ньюси Филипе менен жолугуша турган Эрдоган, ТИКАнын бул өлкөдөгү долбоорлорун иликтейт.

ТИКА Мозакбиктин Өнөр жай жана соода министрлиги тарабынан түзүлгөн Мозакбик товар биржасына колдоо көрсөткөн болчу.

Эрдогандын Африкадагы акыркы аялдамасы Мадагаскар болот.

Президент Эрдоган менен Мадагаскардын президенти Эри Радзаунаримампианина мындан мурда Стамбулда өткөрүлгөн БУУнун саммитинде эки тараптуу жолугушууларды өткөргөн болчу.

ТИКА 2009-жылы башталган жана 2013-жылдын декабрь айында өткөрүлгөн шайлоого чейин созулган саясий маселелер учурунда Мадагаскарга чоң колдоо көрсөткөн.



Тектеш кабарлар