Түрк аскери Кипрден чыкпайт

Президент Эрдоган, күн тартипке байланыштуу маанилүү маалымат берди.

650959
Түрк аскери Кипрден чыкпайт

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Швейцариянын Женева шаарындагы Кипр сүйлөшүүлөрүндө Рум бөлүгү жана Грециянын дагы эле башкача күтүүлөрдө болгонун белгилеп, түрк аскеринин Аралдан чыкпай турганын айтты.

Стамбулда жүргөн президент Эрдоган, күн тартипке байланыштуу маалымат берди.

Кипрде чеим табуу изденүүлөрүнө токтолгон Эрдоган: «Түндүк Кипр Түрк Республикасы тыгыз иштеп жатат. Чынчылдыгын ортого салууда, бирок Рум бөлүгү жана кепил өлкө катары Греция дагы эле башкача күтүүлөрдө болууда»,-деди.

«Аннан планы» эми иштебей турганын баса белгилеген Эрдоган: «Эми жаңы сүйлөшүү процесси бар. Бирге төрт, мындайча айтканда бир мезгил Түндүк Кипр Түрк башкаруучулугу жетекчилик кылат, 4 мезгил Түштүк Кипр Рум башкаруучулугу жетекчилик кылат, мындай нерсе да болушу мүмкүн эмес. Муну мындан мурда да сүйлөшкөнбүз, бирге эки деп, бир мезгил Түндүк Кипр Түрк башкаруучулугу жетекчилик кылат, 2 мезгил Түштүк Кипр Рум башкаруучулугу жетекчилик кылат. Адилеттүүсү ушул болот. Б.а. Биз ал жерде адилеттүү, камтуучу тынчтык кааласак өлчөмү ушул. «Мунун тышында бизден эч ким бир нерсе күтпөсүн» дегенбиз, муну жооптуу кызматтагыларына да айттык»,-деди.

Валютадагы спекуляциялык кыймылдуулукка да токтолгон Эрдоган, валюта курстарына байланыштуу бул жуманын ичинде кайра баа берүүсүн кыла тургандарын айтып: «Бул жерде корко тургандай эч нерсе жок, бирок мен улутума кайра чакырк саламын. Эч ким жаздыгыгын астына валюта бириктирбесин, буларды түрк лирасына айландырсын. Эгерде булардын баары түрк лирасына айландырылса базарлар абдан жеңилдээрине мен ишенемин»,-деди.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын жалпы кеңешинде конституцияга өзгөртүү киргизүү сунушунун добушка салынышына да токтолгон президент Эрдоган: «Экинчи турда да парламент ошондой эле ырааттуулугун ортого салса иш негизги ээсине барат. Улутубуз да бул жерде акыркы чечимин чыгарат. Уулутубуздун чыгара турган чечими кандай болсо, ал чечимге да бардыгыбыз кайыл болуп, урматтайбыз. Ушундай»,-деп айтты.

Президент Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын иштегис абалга келген учурунда мөөнөтүнөн мурда шайлоого барыла турганынын белгисин берди.



Тектеш кабарлар