«Евфрат калканы» кыймылынан көрүнүштөр бөлүшүлдү

Кургактык жана абадан жүргүзүлгөн операцияларда ДЕАШка таандык 177 бута атылды.

650595
«Евфрат калканы» кыймылынан көрүнүштөр бөлүшүлдү

Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан Сириянын түндүгүндөгү террордук буталарга карай 24-августта башталган жана 143 күн өткөн «Евфрат калканы» кыймылынын алкагында террор уюму ДЕАШтын мүчөсү 41 террорист жок кылынды.

Кургактык жана абадан жүргүзүлгөн операцияларда ДЕАШка таандык 177 бута атылды.

Оппозициядагы элменеттерден турган атайын кызмат күч топтору тарабынан кургактыктан жана абадан камсыздалган тынымсыз ок атуулардын колдоосу менен Суфланияхтын каратылышына карай аракет уланды.

Суфланиях жана Бзагахда жайгашкан ДЕАШка таандык 10 бутага абадан операция жүргүзүлдү. Операцияда 4 баш калкалоочу жайы, 4 штаб имараты жана 2 куралдуу унаа жок кылынды.

Террористтерден тазаланган аймактарда 72 колго жасалган жарылуучу зат зыянсыздаштырылды. «Евфрат калканы» кыймылынын башталган күнүнөн бери зыянсыздаштырылган колго жасалган жарылуучу заттын саны 2917, ал эми мина саны 43кө жетти.

Бир тарапан Башкы штаб төрагалыгы тарабынан Суфланиях жана Бзагахдагы ДЕАШ жайгашкан жердерге карай абадан чабуулунан көрүнүштөрдү бөлүштү.

Видеолордо штаб имараты, бомбалуу унаа жана текшерүүчү жеринин атылган убагы орун алды.



Тектеш кабарлар