Элчилер конференциясы Анкарада улантылууда

Конференцияга көп сандаган чет элдик коноктор катышууда

650770
Элчилер конференциясы Анкарада улантылууда

Тышкы иштер министрлигинин «2023 -  жылга карай: Улуттук нарктар жана глобалдык максаттар» деген темада өткөргөн  9 -  элчилер конференциясы борбор шаар Анкарада улантылууда. Конференцияга көп сандаган чет элдик коноктор катышууда.

Эл аралык мигарция уюмунун баш директору Уильям Лейси Свинг конференцияда сүйлөгөн сөзүндө Түркиянын качкындар тууралуу аракетине көңүлдөрдү бурду.

Түркиянын дүйнөдө эң көп качкынды конок кылып жаткандыгын баса белгилеген Свинг : «Бул Түркиянын жана түрк инсаны ээ болгон адамзаттык мамиленин көрсөткүчү»,- деди.

ИОМ менен кызматташтык түзгөн түрк куралдуу күчтөрүнүн жээк коопсуздук командирлигине рахмат айткан Свинг : «Түрк жээк коопсуздугу бир гана 2016 -  жылы 37 миң качкынды өлүмдөн куткарды»,- деди. Свинг качкындардан 250 миллион кишинин чек арадан өткөндүгүн, 750 миллион кишинин өлкө ичинде орун которгондугун айтты. Свинг : «Тактап айтканда 7 миллиард калкы болгон дүйнөнүн 1 миллиарды качкындардан турат»,- деди. Эгерде качкындардын абалы жакшы башкарыла турган болсо адамдарга жана экономикага чоң пайда алып келерин баса белгилеген Свинг : «Ички иштер министрлигиңиздерде Миграцияны башкаруу боюнча директорлуктун болушунан абдан таасирлендим. Бул да миграциянын башкарылышы керектигин билгениңиздерди көрсөтүүдө. Алдыңкылыкты адамдын өмүрүн куткарууга берип жатасыздар»,- деди.

Түркиянын «адамзаттык чек араны башкаруу» саясатын ишке ашыргандыгын белгилеген Свинг мунун үлгү болушу кереткигин айтты.

 



Тектеш кабарлар