Р. Т. Эрдоган - Путин, Назарбаев сүйлөшүүсү

Кремлден берилген маалыматта Путин менен Назарбаевдин ортосундагы  телефон аркылуу сүйлөшүүдө эки тараптуу карым – катнаштар да сөз болду

650170
Р. Т. Эрдоган -  Путин, Назарбаев сүйлөшүүсү

Президент Р. Т. Эрдоган Орусиянын президенти В. Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүдө эки тараптуу карым – катнаштар менен Сирия маселеси каралды. Сирияда ок атышпоолордун жалпы өлкөдө жайылтылышы тууралуу маселелерди сүйлөшкөн эки лидер маселеге саясий чечүүчү жолду табуунун алкагында Казакстандын борбор шаары Астанада боло турган сүйлөшүүлөр тууралуу да пикир алышууларда болушту.

Орусиянын президенти В. Путин Астанада өткөрүлүшү пландалган Сирия сүйлөшүүлөрүнүн даярдыктары тууралуу Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен да телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Кремлден берилген маалыматта Путин менен Назарбаевдин ортосундагы  телефон аркылуу сүйлөшүүдө эки тараптуу карым – катнаштар да сөз болду.

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу 4 -  январда берген маалыматында ок атышпоолорго баш ийиле турган болсо Астана сүйлөшүүлөрүн 23 -  январда баштай тургандыгын жарыялаган.


 

 



Тектеш кабарлар