Евфрат калканы

Террордук уюм ДЕАШка мүчө 48 террорист жок кылынды.

647180
Евфрат калканы

Сириянын түндүгүнүн террордук уюмдардан тазаланышы максатында Түркиянын жетекчилигинде 24-августта башталган «Евфрат калканы» кыймылынын алкагында террордук уюм ДЕАШка мүчө 48 террорист жок кылынды.

Түрк куралдуу күчтөрүнүн билдирүүсүндө, кыймылдын 139-күнүндө уюмга таандык 246 бутанын кургактан, 23 бутанын болсо абадан бомбаланганы маалымдалды.  

Бомбаланган буталардын террористтер тарабынан колдонулган баш калкалоочу жайлар, башкаруу каражаттары, курал-жарак жана унаалары экени билдирилди.

Ошондой эле колго жасалган үч жарылуучу зат да түрк аскерлери тарабынан жок кылынды.



Тектеш кабарлар