Түрк аскеринин Башика лагериндеги миссиясы мажбурдуулук

Йылдырым, Иракта 2 күнгө созулган расмий сапарына өлкөгө кайтып келгенде Анкарадагы «Эсенбога» аэропортунда баа берди.

646874
Түрк аскеринин Башика лагериндеги миссиясы мажбурдуулук

Премьер-министр Бинали Йылдырым, Ирактагы Башика лагеринде Түрк аскеринин миссиясынын мажбурдуулуктан келип чыкканын кайталап, «Аскерлерибиз, лагерь орун алган Мосул шаарынын террор уюму ДЕАШтан тазалануусуна салым кошуусун улантат»,-деди.

Йылдырым, Иракта 2 күнгө созулган расмий сапарына өлкөгө кайтып келгенде Анкарадагы «Эсенбога» аэропортунда баа берди.

Ирактык жооптуулар менен жолугушууларынын эки өлкөнүн карым-катнаштарында жаңы мезгилдин башталышына салым кошконун белгилеген Өкмөт башчы, коопсуздук тармагындагы кызматташтыктын маанисин баса белгиледи.

Синжар аймагында жикчил террор уюму ПККнын болушу кабыл алынгыс экендигин баса белгилеген Йылдырым, мунун Түркиянын улуттук коопсуздук маселеси экенин тийиштүү тараптарга билдиргенин белгилеп кетти.

Башика лагеринин Ирак лагери экендиги жөнүндөгү кечээки айтымдардын мазмуну тууралуу суроого жооп берген Йылдырым: « Албетте Ирак лагери. Бул жердеги Түрк аскеринин миссиясы жөн эле эмес, мажбурдуулуктан келип чыккан. Түрк аскери бул жерде Мосул шаары террор уюму ДЕАШтан тазаланганга чейин иштерин улантат. Андан кийин абалга кайра баа берилет»,-деп айтты.

Премьер-министр Ирак сапарында өзүн коштоп барган айрым министрлердин Башика лагерине барганын кошумчалады.

 



Тектеш кабарлар