Мыкаачыны кечирүү мамлекеттин укугу эмес

Эрдоган тобу менен ачылыш аземине катышуу үчүн Шанлыурфага барды.

646062
Мыкаачыны кечирүү мамлекеттин укугу эмес

Президент Режеп Таййип Эрдоган, көзүн чел баскан канкор үйүрлөрүнүн жалпы кызматташуу менен кол салууларын улантканын белгилеп, «Өлүм жазасынын Парламенттен өткөн учурунда мен муну бекитем. Анткени мыкаачыны кечирүү мамлекеттин укугу эмес. Карапайым адамдарды өлтүргөн бул мыкаачыларды коноктоо, багуу сыяктуу укукка ээ эмеспиз»,-деди.

Эрдоган тобу менен ачылыш аземине катышуу үчүн Шанлыурфага барды.

Измирдин Сот имаратынын алдында кечээ болгон террордук кол салууга сереп салган Президент, окуядан кийин табылган курал, бомба жана ок-дарылар террористтердин ал жерге абдан чоң кыргын үчүн келгенин көрсөткөнүн түшүндүрдү.

Полиция чыгарган чечимдер менен террористтердин текшерүүчү пунктта токтотулганын эске салган Эрдоган, чоң бир апаатка бөгөт коюлганын баса белгиледи. «Көзүн чел баскан канкор үйүрлөрүнүн жалпы кызматташуу менен кол салууларын улантууда»,-деп айткан Эрдоган, «Өлүм жазасынын парламенттен өткөн учурунда муну бекитемин. Карапайым адамдарды өлтүргөн бул мыкаачыларды коноктоо, багуу сыяктуу укукка ээ эмеспиз»,-деп айтты.

Президент Эрдоган: «Эми бул чындыкты эч ким четке кага албайт. Бул уюмдарды бирөөлөр атайын куралдандырып Түркияга жөнөтүшүүдө. Бүгүн өздөрүнүн аймактык жана учурдагы кызыкчылыктары үчүн бизге карай террор уюмдарын жөнөткөндөр, эртеңки күндө ошол эле өрттөр өздөрүн күйгүзө баштаганда кылган жаңылыштыктарын көрүшөт, бирок кеч болуп калат»,-деп эскертти.



Тектеш кабарлар