Акыркы мезгилде күчөгөн кол салуулардын негизги максаты эмне?

Президент Эрдоган айыл өкмөт башчыларынын жыйынында сөз сүйлөдү

644189
Акыркы мезгилде күчөгөн кол салуулардын негизги максаты эмне?

Президент Режеп Тайип Эрдоган Түркияда акыркы мезгилде күчөгөн кол салуулардын негизги максатынын элди кайраштыруу экенин айтты.

Президенттик комплексте өткөрүлгөн айыл өкмөт башчыларынын 33-жыйынында сөз сүйлөгөн Эрдоган, Түркия менен түрк улутунун террордук уюмдар аркылуу от менен ойногондой сыналып жатканын белгиледи.

Бул кол салууларга каршы күрөшө алгыдай кудретке ээ экенин сөз кылган президент: «Бул кол салуулардын негизги максатынын сезимдерибизди баш аламан кылып, бизди кайраштыруу. Коомчулугубуздун ынтымагын ыдыратууну каалагандар бардык мүмкүнчүлүктү колдонуп жатышат. Бул оюндарга алданбайбыз жана тооктолук көрсөтөбүз. Качуу коркоктуктун иши, биздин эл эр жүрөк»,-деп айтты.

Түркиянын өз коопсуздугу үчүн аймагында жүргүзүп жаткан күрөшүүсүн "башка өлкөлөрдүн ички иштерине кийлигишип жатат" деп ойлогондор, учурда болуп жаткандардан эч нерсе түшүнбөгөндөр. ДЕАШка каршы эң таасирдүү күрөштү жүргүзүп жаткан өлкөнү «бул мыкаачы уюмга колдоо көрсөтүп жатат» деп күнөөлөөгөндөр так эле террордук уюмдар аркылуу Түркияга кол салып жаткандардын каалаган сөздөрү»,- деди.

Өлкөдө көптөгөн жылдардан бери күрт маселеси түшүнүгүн пайдаланып жаткандардын көйгөйүнүн күрт жарандары эмес экендиги чуңкур, казуу кыймылдары менен ортого салынганын түшүндүргөн Эрдоган, Түркияда эч кимдин жашоосу систематикалык коркунучта эмес экенине көңүл бурду.

Президент Эрдоган жикчил террордук уюм ПКК, динди кыянаттык менен пайдаланган Фетуллахчы террор уюму ФЕТӨ, ДЕАШ сыяктуу уюмдарга иш жүзүндө, жазуу түрүндө, оозеки колдоо көрсөткөндөргө эмне кылынып жатса, улутту бөлүп-жарууга аракет кылгандарга да бирдей мамиле жасалаарын билдирди.



Тектеш кабарлар