Эрдоганга көңүл айтуулар келип жатат
Эрдоган, кечээ кечинде Иорданиянын королу 2-Абдуллах, Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас жана Грециянын президенти Прокопис Павлопулос менен телефон аркылуу сүйлөштү.
![Эрдоганга көңүл айтуулар келип жатат](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/9f1b/165a/5e18/5864de22125ae.jpg?time=1718407657)
Президент Режеп Таййип Эрдоганга дүйнөлүк лидерлерден жаңы жыл түнүндө 39 киши каза болгон 65 киши жараланган Стамбулдагы террордук кол салуу боюнча көңүл айтуулар келип жатат...
Президент Режеп Таййип Эрдоган, кечээ кечинде Иорданиянын королу 2-Абдуллах, Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас жана Грециянын президенти Прокопис Павлопулос менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Президенттик маалымат борбору Иордания королу 2-Абдуллах, Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас жана Грециянын президенти Прокопис Павлопулостун террордук кол салуунун себебинен президент Эрдоганга жана ал аркылуу бүтүндөй түрк калкына көңүл айткандарын маалымдады.
Кол салууну айыптаган 3 лидер тең президент Эрдоганга Түркияны колдогондорун баса белгилегендери маалымдалды.
Тектеш кабарлар
![Эрдоган Италияда](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/4b0f/cbdf/a0c5/65d8a6a8559e4.jpg?time=1718407658)
Эрдоган Италияда
Италиянын премьер - министри Жоржия Мелони саммитке келген лидерлерди бир бирден тосуп алды.