Террор ынтымагыбызды буза албайт

Террордун максаты эмне?

642442
Террор ынтымагыбызды буза албайт

Премьер-министр Бинали Йылдырым террорго эч качан моюн сунулбай турганын белгилеп: «Террор бизди коркута албайт, туугандыгыбызды, ынтымагыбызды буза албайт»,- деди.

Премьер-министр Бинали Йылдырым Стамбулдагы түнкү клубдагы террордук кол салууда жаракат алгандарды көргөнү баргандан кийинки билдирүүсүндө, жаңы жылдын башталышында бейкүнөө адамдарга каршы куралдуу кол салуу болгонун айтты.

Бир террористтин ичкери кирип барып туш келди ок атышынан түрк жана чет элдиктерден турган 39 күнөөсүз адамдын каза тапканын, 60тан ашуун адамдын да жаракат алганын белгиледи.

Террордун адамзаттын орток маселеси экенин баса белгилеген Йылдырым, террордун максатынын биримдүүлүгүбүздү жана ынтымагыбызды бузуу болгонун айтты.

Түркиянын аймакта жикчил террордук уюм ПКК, ФЕТӨ жана Сирия менен Ирактагы террордук уюмдарга каршы күрөшүп жатканын сөз кылган Йылдырым: «Түркиянын күрөшүүсүнүн натыйжа берээрин билебиз бирок террорго эч качан моюн сунбайбыз. Бүгүн бул жерде болгон террор эртең дүйнөнүн башка жеринде болушу мүмкүн. Ошондуктан эч бир өлкө коопсуз эмес. «Бизде болбойт» деп айта албайт. Террордун ишеничи, дини жок бардык жерде бирдей кыймыл кылат»,-деп айтты.

Йылдырым терроризмге каршы күрөшүүнүн улантыла турганын баса белгилеп: «Террор бизди күчтөн тайдыра албайт, туугандыгыбызды, ынтымагыбызды буза албайт, коркута албайт, биз террорду коркутабыз»,- деди.

Премьер-министр Йылдырым 2017-жылы террор менен катар Түркия жана аймак үчүн дагы да көп иштей тургандарын билдирди.

Йылдырым кол салууда каза тапкандардын жакындарына көңүл айтып, жаракат алгандардын тез сакайып кетишин каалады.



Тектеш кабарлар