«Евфрат калканы» кыймылынын алкагындагы операциялар уланууда

ДЕАШтын кол салуусунан бир аскер шейит, 5 аскер жарадар болду.

640759
«Евфрат калканы» кыймылынын алкагындагы операциялар уланууда

Сириянын түнрдүгүндө террор уюму ДЕАШтын кол салуусунан бир аскер шейит болду.

Аймактын террор элементтеринен тазаланышы максаты менен Түрк куралдуу күчтөрүнүн жол башчылыгында 24-августта башталган «Евфрат калканы» кыймылынын алкагында кызмат өтөгөн 5 аскер да жарадар болду.

Түрк куралдуу күчтөрүнүн жарыясына караганда Эл Баб жана Даглабаш аймактарына жүргүзүлгөн абадан кыймылда алгачкы белгилөөлөргө караганда ДЕАШтын жалган жогорку башкаруучулары да орун алган 26 террорист жок кылынды.

Кыймылда ДЕАШка таандык 222 бутага ок атылып, 17си талкаланды. Айрыкча 13 курал сактоочу жайы, 1 зооттолгон унаа, 1 бомбалуу унаа жана 3 бомбалуу унаа жасоочу жайынын таш талканы чыгарылды.

Уюм колдонгон баш калкалоочу жайлары, коргонуучу жайлары, командирлик башкаруу комплекстери, курал жана унаалары да жарактан чыгарылды.

Террор уюму ДЕАШтан тазаланган аймактарда оппозициячылдарга колдоо көрсөткөн жарылуучу заттарды белгилөө жана зыянсыздаштыруучу топтор тарабынан кыймылдын башынан бери  колго жасалган 2423 жарылуучу зат жана 42 мина зыянсыздаштырылды.

Орусия Федерациясынын аба күчтөрү тарабынан Эл Баб жана түштүгүндөгү террор уюму ДЕАШ буталарына жүргүзүлгөн 3 аба операциясында да 12 террорист жок кылынды.



Тектеш кабарлар