Москвадан Эрдоганга колдоо келди

Президент Р. Т. Эрдогандын «ДЕАШты колдоп жатышат»,- деген билдирүүсүнө Москвадан колдоо келди

639583
Москвадан Эрдоганга колдоо келди

Президент Р. Т. Эрдогандын «ДЕАШты колдоп жатышат»,- деген билдирүүсүнө Москвадан колдоо келди. Орус парламентинин үстүнкү канатынын маалыматтык саясат боюнча комитетинин төрагасы Алексей Пушков Эрдогандын АКШнын жол башчылыгындагы коалициянын террордук уюм ДЕАШты колдогондугу тууралуу билдирүүсүндө акылуу экендигин айтты.  Пушков твиттер эсебинен берген маалыматында : «Эрдоган туура айтат : АКШнын террордук уюмдарды колдогондугун көрсөткөн бир топ нерсе бар. АКШнын тышкы иштер министрлигинин ачык болгон бул абалдын тескерисин айтуусу туура эмес»,- деди.

Эрдоган Гвинеанын мамлекет башчысы Альфа Конде менен кечээ өткөргөн биргелешкен пресс – жыйында буларды айткан : «Коалиция күчтөрү берген убадаларын аткара албай жатышат. Берилген убадалар башка эле, бирок азыркы учурда башка бир абалда. Азыркы учурда биз чечкиндүү түрдө жолубузду улантуудабыз. Чыккан жолубуздан кайтуу мүмкүн эмес».



Тектеш кабарлар