Эл Бабга кирүү үчүн операция уланууда

Ок атышууларда 13 террорист жок кылынып, уюмга таандык 158 пункт бутага алынып талкаланды.

638617
Эл Бабга кирүү үчүн операция уланууда

«Евфрат калканы» кыймылынын алкагында Эл Бабда террор уюму ДЕАШ менен салгылашып жатканда 2 оппозициячыл шейит болду, бирөө жаракат алды.

Ок атышууларда 13 террорист жок кылынып, уюмга таандык 158 пункт бутага алынып талкаланды.

Түрк куралдуу күчтөрүнүн маалымдаганына караганда ДЕАШтан баштап террордук уюмдар түзгөн коркунучтарды жок кылып, чек ара коопсуздугун арттыруу жана коалициялык күчтөргө колдоо көрсөтүш үчүн Сириянын түндүгүнө карай 24-августта башталган кыймыл уланып жатат.

Кыймылдын 126-күнүндө оппозициячыл элементтерден турган атайын милдеттүү күч топтору тарабынан абадан жана кургактыктан коштолгон тыкыс ок жаадыруунун колдоосу менен Эл Бабга кирүүгө карай операциялар улантылды.

Террористтер тарабынан колдонулган баш калкалоочу жерлер, коргонуучу жайлары, командирлик башкаруу комплекстери, курал жана унаалардын бир бөлүгү жок кылынды, бир бөлүгү жарактан чыгарылды.

Айрыкча ок атууларда Түрк куралдуу күчтөрүнө таандык аскерлердин илгерилөөсүнө тоскоол болгон террор уюму ДЕАШка таандык буктурмаларына ок жаадырылып турду.

Террор уюму ДЕАШтан тазаланган аймактарда оппозициячылдарга колдоо көрсөткөн жарылуучу зат жана аны зыянсыздаштыруучу бригада тарабынан, кыймыл башталган күндөн бери көпчүлүгү тузак салынган 2387 колго жасалган жарылуучу зат менен 42 мина жок кылынды.



Тектеш кабарлар