ПКК менен ДЕАШтын кызматташтыгы

ДЕАШ менен ПККнын жакындыгы дагы бир жолу тастыкталды.

637819
ПКК менен ДЕАШтын кызматташтыгы

ДЕАШка мүчө 2 миң террорист ПККга кошулду.

Түркияга каршы террордук кыймылдарды кылган террордук уюмдар ДЕАШ менен ПККнын жакындыгы дагы бир жолу тастыкталды.

Сириянын түндүгүнүн террордук уюмдардан тазаланышы үчүн 24-августта Түркиянын башчылыгында башталган «Евфрат калканы» кыймылына каршы басып алган жерлерин ПККга өткөрүп берген ДЕАШ бул жолу террористтерин жөнөтө баштады.

Иракта Мосулдун батышындагы Синжар тоосу аймагында ыктымалдуу кыймылдарга карай жаңы казарма жана жайларды курган ПКК, Ирактын чек ара айылдарынан ДЕАШка мүчө орто эсеп менен эки миң террористти кошуп алды.

Багдад башкаруучулугу менен Шиит күчтөрдүн да колдоосун алып, аймакта туруктуу калууга аракет кылган ПККнын бул кадамы езиддер, Ирактагы күрт аймактык башкаруучулугу менен катар аймактын элинин тынчын алууда.  



Тектеш кабарлар