Кахраманмарашта сириялыктар үчүн контейнер шаар курулду

Конетейнер шаарда 16  класстык элдик билим берүү борбору жана 24 класстык 4 мектеп кызмат кылууда

638078
Кахраманмарашта сириялыктар үчүн контейнер шаар курулду

Түркия Сириядагы жарандык согуш чыккан алгачкы күндөн бери жарандардын коргоого алынышы жана турмуштарын жеңилдетүү үчүн иштерин улантууда.

Премьер – министрликтин апаат жана чукул абалдарды башкаруу төрагалыгы АФАД сириялык коноктор үчүн кош кабаттуу контейнерлер жайгаштырылган 25 миң кишилик  контейнер шаар курду.

Социалдык мүмкүнчүлүктөрү да болгон конетейнер шаарда 16  класстык элдик билим берүү борбору жана 24 класстык 4 мектеп кызмат кылууда.

Мечит, маркет, 2 реаблитация борбору, 8 оюн аянты, 4 футболдук, 4 баскетбол аянты курулган борбордо ичүүгө боло турган суу үчүн акыркы технология менен курулган күнүмдүк 3 миң метр кубдук суу тазалоо комплекси да сириялыктардын кызматында. Тышкы коопсуздугу жандармерия тарабынан түзүлгөн контейнер шаардын ичинде атайын коопсуздук кызматкерлери да 24 саат кызмат кылууда.

80ге жакын коопсуздук камерасы менен жалпы колдонулуучу аянттар байкоого алынган контейнер шаарда ыктымалдуу өрткө каршы 24 сааттын ичинде 2 өрт өчүрүүчү унаа, 12 кишилик өрт өчүрүүчү группа да даяр турат.

Сириялык конокторго мыкты  турмуштук шарттар түзүлгөн контейнер шаар үчүн 800 кызматкер кызмат кылууда.



Тектеш кабарлар