Президент Эрдоган акыркы абалдар тууралуу маалымат берди

Президент Р. Т. Эрдоган Измирдин Алиага районунда Этки порту FSRU проектиси жана Эгегаз LNG станциясынын кошумча бөлүгүн кызматка ачуу аземинде сөз сүйлөдү

636760
Президент Эрдоган акыркы абалдар тууралуу маалымат берди

Президент Р. Т. Эрдоган акыркы мезгилдердеги террордук кол салуулардын ырааттуулук менен ишенимди тебелөөгө карата экендигин айтты. Президент Эрдоган : «Көңүл бура турган болсок акыркы жылдарда көбөйгөн кол салуулар ырааттуулук жана ишенимди тебелеп тепсөөгө карата болуп жатат. Түркиянын энергиясы менен көңүлүн өнүгүүдөн, инвестициядан алыстатып, коопсуздук санаасына, белгисиздикке түртүүнү каалагандардын оюндарына эч качан кирген жокпуз, бул оюндарды да чечмеледик»,- деди.

Президент Р. Т. Эрдоган Измирдин Алиага районунда Этки порту FSRU проектиси жана Эгегаз LNG станциясынын кошумча бөлүгүн кызматка ачуу аземинде сөз сүйлөдү. Эрдоган : «15 -  июлда бул өлкөнүн эркиндигине жана  келечегине  ээ чыккан түрк калкы, келечегинин курулушу үчүн аракет кылган, тобокелчиликке салган баарына да ээ чыгарына ишенүүгө болот»,- деди.

Эрдоган  буларды айтты : «Килиске бомба түшкөндө кайдасың мамлекет дегендер бар. Килиске бомба аткандарга карай барганда дүйнөнү биз куткарабызбы дегендер бар. Булар эмне деген кишилер. Албетте барабыз. Биз жөндөн жөн  террордон тазаланган коопсуз аймак деген билдирүүнү жасаган жокпуз. Бирок түшүнүшкөн жок. Биз террор үчүн бир гана өлкөбүздө эле эмес, ал жерде да күрөшөбүз дедик. Мына эми Ел Баб маселеси чечилгени атат, куралдуу күчтөрүбүз Эркин Сирия Армиясы менен бирге ал жерде да күрөшүп жатат».



Тектеш кабарлар