Президент Эрдоган Ел Бабдын толугу менен курчоого алынгандыгын билдирди

Президент Р. Т. Эрдоган президенттик комплексинде кечээ Албаниянын президенти Бужар Нисхани менен биргелеше маалымат берди

635720
Президент Эрдоган  Ел Бабдын толугу менен курчоого алынгандыгын билдирди

Президент Р. Т. Эрдоган түрк куралдуу күчтөрүнүн Евфрат калканы кыймылынын негизинде Сириянын Ел Баб шаарынын түрк аскери жана Эркин Сирия Армиясы тарабынан толугу менен курчалгандыгын билдирди.

Президент Р. Т. Эрдоган президенттик комплексинде кечээ Албаниянын президенти Бужар Нисхани менен биргелеше маалымат берди.

Террордук уюм ДЕАШтын болгон күчү менен бардык жолго кайрылып жаткандыгын жана жандуу бомба катары же гранаталар менен бардык кол салууну аткаргандыгын белгилеген президент Эрдоган : «Каалоом көпкө созулбастан Ел Баб толугу менен кулап жана өз инсандары, калкы өз жеринде жашоо мүмкүнчүлүгүн табат»,- деди.

Президент Эрдоган айрыкча Орусиянын Анкара элчиси Андрей Карловго кол салган Мевлют Мерт Алтынташтын фетуллахчы террордук уюмдун мүчөсү экендигин билдирди. Кол салуучунун өлкө тышындагы байланыштарына да көңүл бурган президент Эрдоган : «Орусиядан келген териштирүү делегациясы менен биздин териштирүү делегациябыз бирдикте иштерин улантууда. Бирдикте бул ишти аткаруу менен кыска убакытта жыйынтык чыгат деп ойлоймун. Бул кишинин өлкө тышындагы байланыштары эмне, ушул боюнча  кээ бир белгилер бар, азыркы учурда Улуттук Чалгындоо Уюму жана башка териштирүү бөлүктөрүбүз иштерин улантууда»,- деди.

Кол салуучунун эмнеден тирүү кармалбагандыгы боюнча суроого да жооп берген президент Эрдоган буларды белгиледи : «Түркиядагы 3 жылдык кызматы учурунда  элчи Карловду өзгөчө дипломаттардын бирөөсү катары тааныдым. Түркия – Орусия  карым – катнаштарын кандайча дагы өнүктүрө аламын деп ойлонгон инсан эле. Кылмышкер эмнеге тирүү кармалган жок деген ойлор бар. Булар ал учурдагы  абал. Аткан киши кол салуучу бомба чыгарат деген тынчсыздануу менен атты».

Президент Р. Т. Эрдоган комплексте Албаниянын президенти Бужар Нисхани менен биргелеше пресс – жыйын өткөрдү. Президент Эрдоган маалыматында Түркия – Албания карым – катнашына да токтолду.

Албаниянын Балкандардын ырааттуулугу үчүн ачкыч өлкө экендигине басым жасаган президент Фетуллахчы террордук уюм менен күрөшүү тууралуу Түркияга берген жардамдардан улам президент Бужар Нисханиге рахмат айтканын айтты.

Президент Эрдоган Түркиянын Косованын таанылышына карата жардамынын да улантыларын белгилеп, келерки жумада Косованын президент Хашим Тачини тосуп аларын белгиледи.



Тектеш кабарлар