Эгерде токтой турган болсок биз дагы Сириядай болмокпуз

Эрдоган «Евфрат калканы» кыймылынын алкагында террор уюму ДЕАШка мүчө 200 чакты террористтин жок кылынганын жарыялады.

636072
Эгерде токтой турган болсок биз дагы Сириядай болмокпуз

Президент Режеп Таййип Эрдоган «Евфрат калканы» кыймылынын алкагында террор уюму ДЕАШка мүчө 200 чакты террористтин жок кылынганын жарыялады.

Президент Эрдоган, борбор калаа Анкарада Бештепе улуттук маданият жана конгресс борборунда Токой жана суу чарба министрлигинин тобу менен ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө, Эл Бабдагы күрөштүн адаттагыдай эле бир күрөш болбогонун баса белгилеп: «Өлкөбүзгө карай тынымсыз коркунуч туудургандарга каршы эми тура алмак эмеспиз жана мунун да талабын аткаруудабыз»,-деди.

Бир тараптан дипломатиянын да жүргүзүлгөнүн белгилеген Эрдоган, Орусия, АКШ, Ирак, Иран жана Булуң өлкөлөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөрүн жана булардан кийин кыймылдын башталганын түшүндүрдү.

Түркиянын ушул убакта ассимметриялык кол салууларга дуушар болгонун айткан Эрдоган: «Сирияда, Иракта ойногон оюнду өлкөбүзгө жеткире алышкан жок. Акыркы мезгилде ПКК, ДЕАШ жана ФЕТӨ мыкаачылык кыймылдары менен бизди азапка салууга аракет кылып жатат. Бүгүнкү күндө өлкө жана улут катары тынчтыгыбызды гарантияга алууга мажбурбуз. Келечегибиз үчүн бирге жана чогуу кыймыл кылышыбыз керек»,-деп айтты.

«Дүйнөнүн жана аймагыбыздын кайрадан түзүлүүгө аракет кылынган ушул мезгилде, эгерде токтой турган болсок өзүбүздү көрө турган жер Сирия шарттары болот»,-деген Президент, Түркиянын Боштондук согушунан кийинки эң чоң күрөшүн жүргүзүп жатканын жана бул күрөштүн бир улут, бир желек, бир мекен, бир мамлекет үчүн күрөш экенин белгиледи.



Тектеш кабарлар