Измирде 37 адам кармалды

Алар мыйзамсыз жолдор менен Грецияга өтүүгө аракет кылышкан

635132
Измирде 37 адам кармалды

Измирдин Дикили районунда мыйзамсыз жолдор менен Грецияга өтүүгө аракет кылган чет элдик 37 адам кармалды.

Дикили жээктеринде күзөттө турган жээк коопсуздугун сактоочу кызматкерлер, резина кайык менен грек аралдарына өтүүгө аракет кылган адамдарды байкап калды.

Резина кайыкта 12 Сирия, 12 Эритрея, 6 Ирак, 4 Мали, 2 Ооганстан, 1 Палестина улутундагы адамдар болгон.

Кармалган чет элдиктер Дикилиге алып барылып Миграция башкармалыгынын Измирдеги областтык директорлугуна тапшырылды.



Тектеш кабарлар