Карлов 2013-жылдан бери элчилик кызматын улантып келе жаткан болчу

Кол салууга байланыштуу териштирүү уланууда

634360
Карлов 2013-жылдан бери элчилик кызматын улантып келе жаткан болчу

Орусиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карлов, Анкарада катышкан көргөзмөдө куралдуу кол салууга дуушар болуп көз жумду.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова, министрликтин конок үйүндө орусиялык журналисттерге берген маалыматында окуяны «террордук кол салуу» деп мүнөздөп: «Терроризм менен күрөшүүнү улантабыз»,-деди.

Захарова кылмышкерлердин тийиштүү жазага тартылышы керектигин айтты.

Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу менен улуттук коргоо министри Фикри Ышык окуя болгон жерде иликтөөлөрдү жүргүзүп, жооптуу кызматкерлерден маалымат алышты.

Ички иштер министри Сойлу Орусиянын элчиси Карловду өлтүргөн террористтин Анкарада полиция кызматкери болгон Метлүт Мерт Алтынташ экенин билдирди.

Ички иштер министри, кол салгычтын кимдер менен байланышы болгону иликтенип жатканын жана кол салуунун Түркия-Орусия карым-катнаштарын бутага алганын айтты.

Кол салуудан каза тапкан Карлов 2013-жылдын июль айынан бери Орусиянын Анкарадагы элчиси катары кызматын улантып келе жаткан.

Москвада туулган 62 жаштагы Андрей Карлов үй-бүлөлүү жана бир баланын атасы эле.



Тектеш кабарлар