Халебде эвакуация иштери уланып жатат
Ушул учурга чейин жалпы 12 миң жаран Халебден чыгарылып кетти
633645
![Халебде эвакуация иштери уланып жатат](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/48f0/5b06/a801/5857de2196ae8.jpg?time=1718696568)
Сирияда режим күчтөрүнүн курчоосундагы Чыгыш Халебде эвакуация иштери уланып жатат.
Халебдеги эвакуациялоого байланыштуу тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу социалдык медиа аркылуу жарыялаган билдирүүсүндө: «Түн жарымынан бери 4 миң 500 адам эвакуацияланып, ушул учурга чейин жалпы 12 миң жаран Халебде оппозициячылдардын аймагынан чыгарылып кетти»,-деди.
Бир тараптан БУУнун Балдарга жардам фонду (ЮНИСЕФ) Чыгыш Халебдеги жетимдер үйүнөн чыга албай калган 47 баланын да эвакуацияланганын билдирди.
Балдардын айрымдарынын жаралуу экени, айрымдарынын болсо суусуздуктан ооруп калгандары белгиленди.