Ок атпоо келишими Халебдеги карапайым калк үчүн акыркы үмүт болушу мүмкүн

Президент Эрдоган расмий твиттер барагынан «Халеб» үчүн 3 тилде билдирүүсүн бөлүштү.

632211
Ок атпоо келишими Халебдеги карапайым калк үчүн акыркы үмүт болушу мүмкүн

Президент Режеп Таййип Эрдоган Сириянын Халеб (Алеппо) шаарындагы ок атпоо келишиминин карапайым калк үчүн акыркы үмүт боло турганын айтты.

Президент Эрдоган расмий твиттер барагынан «Халеб» үчүн 3 тилде билдирүүсүн бөлүштү.

Эрдоган анда: «Түркиянын тынымсыз аракеттери менен Халебде жетишилген ок атпоонун жана эвакуациялардын уланышы, Халебдеги карапайым калк үчүн балким акыркы үмүт болот. Бардык тараптарды жана эл аралык коомчулукту ок атпоого баш ийүүгө жана эвакуация процессин колдоого чакырамын. Түркия Халеб калкын жалгыз калтырган жок, калтырбайт дагы. Эмнеси болсо болсун жалгыз бир жанды куткарыш үчүн дагы колубуздан келгенди кылабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар