Йылдырым Исхак Жихангири менен сүйлөштү
Премьер-министр Йылдырым Жихангириге Халебде адамдарды эвакуациялоо иштери убагында жарандарга карай кол салуулардын болуп жатканын айтты.
Премьер-министр Бинали Йылдырым Ирандын президентинин биринчи орун басары Исхак Жихангири менен телефон аркылуу байланышып сүйлөштү.
Сүйлөшүүдө эки тараптуу карым-катнаштар жана өзгөчө Сириянын Халеб шаарындагы акыркы кырдаалдын негизинде аймактык маселелер каралды.
Премьер-министр Йылдырым Жихангириге Халебде адамдарды чыгарып кетүү иштери башталганын, бирок эвакуация иштеринде жарандарга карай кол салуулардын болуп жатканын айтты.
Йылдырым Халебдеги адамзаттык абалдын тынчсыздандыруучу экенин, ушул алкакта эвакуациялоонун маселесиз аткарылышы жана аймакка гуманитардык жардамдардын жеткирилиши үчүн Түркиянын колунан келген жардамга даяр экенин сөз кылды.
Тектеш кабарлар
Ирактын түндүгүндө 2 террорист жок кылынды
Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлигинен маалымат берилди.