Президент Р. Т. Эрдоган Ыкчам Кыймыл Күчүнө көңүл айтты
Стамбулдагы террордук кол салуудан кийин президент Р. Т. Эрдоган полицияга : «мамлекет колдойт»,- деди
Президент Эрдоган террордук кол салууларды Түркияны бөлүп – жарууга карата батыштык империалык күчтөрдүн кыймылы деп мүнөздөдү.Коопсуздук күчтөрүнө кайрылып : «Сиздерге берилген укуктарды террор менен күрөшүүдө колдонуудан тартынбаңыздар»,- деген Эрдоган : «Бул укугуңуздарды колдонуңуздар. Зулумга ырайым кыла турган болсоңуз эзилгендерге кыянаттык кылган болосуздар. Эч качан зулумчулукка ырайым кылбаңыздар. Эмне керек болсо аны аткарыңыздар»,- деди.
Эрдоган : «Азыркы учурда бизди экрандардан көрүп тургандар да муну уксун, эл да уксун, сиздердин артыңыздарда биз барбыз, өкмөт катары сиздерге берилген укуктарды террор менен күрөшүүдө колдонуудан тартынбаңыздар»,- деп айтты.
Ыкчам Кыймыл Күчү директорлугуна көңүл айткан ички иштер министри Сүлейман Сойлу да : «Бул кишилердин каны жерде калбайт. Эч ким тынчсызданбасын жана мунун кандайдыр бир колдоочусу бар болсо ичкериде жана тышта аёсуз түрдө эсеби суралат»,- деди.
Стамбулда ишемби күнү кечинде жикчил террордук уюм ПККнын Ыкчам Кыймыл Күчүнүн полицияларын бутага алган кол салуусунда 37 киши полиция болуп, 44 киши шейит болду.
Тектеш кабарлар
Ирактын түндүгүндө 2 террорист жок кылынды
Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлигинен маалымат берилди.