Тышкы иштер министри Ел Баб тууралуу маалымат берди
Менбичке Америка аскерлери менен түрк адистерден турган группа жиберилди
Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Эркин Сирия Армиясынын Түркиянын жардамы менен Ел Бабга жакындагандыгын айтты. Чавушоглу 24 - августтан бери болуп келе жаткан Евфрат калканы кыймылынын негизинде Ел Бабга кирилгендиги тууралуу сөздөрдүн чыгышы менен маалымат берди.
Түрк куралдуу күчтөрү жардам берген Эркин Сирия Арамиясынын Ел Баб капкаларында экендигин айткан Мевлют Чавушоглу : "Кыска убакыттын ичинде бул жердеги операциянын соңуна чыгышы күтүлүүдө. Менбичке Америка аскерлери менен биздин адистерибизден турган группаны жибердик. Бул жерде изилдөөлөрдү жүргүзүшөт. Жикчил террордук уюм ПККнын Сириядагы уландысы ЙПГнин Евфрат дарыясынын чыгышына өткөнгө чейин бул аракеттерибиз улантылат",- деди.
Тектеш кабарлар
Йылмаз «Өнүгүү жолу долбоору» тууралуу маанилүү билдирүүлөрдү жасады
Йылмаз: «Түркия бул долбоор менен стратегиялык абалын дагы да арттырат»,-деди.